Юрий Бобковго биринчи операция жасалды

Кыргыз Эл артисти Юрий Бобков эки бутуна операция жасатуу үчүн Түркияга учуп кеткен. Кечээ, 13-ноябрда ырчыга биринчи операция жасалганын SUPERTV`га анын жубайы Асел Осмонова билдирди.

«Кечээ операция жасалды. Кудайым буюрса, биринчи операция жакшы өттү. Бирок дагы эле кыйналып жатат, 2-3 күн кыйналат экен. Эми январь айында экинчи операциясы болот», — деди ал.

Буга чейин Юрий Бобков жардамга муктаж экенин айтып, биздин телеканал аркылуу элге кайрылган. SUPERTV ырчыга бекем ден соолук каалап, айыгып кетишине тилектеш.