Юрий Шатуновдун акыркы мүнөттөрү тартылган видео тарады (видео)

Легендарлуу «Ласковый май» тобунун мурунку солисти Юрий Шатуновдун жашоосунун акыркы мүнөттөрү тартылып калган видео тарады.

Маалыматка ылайык, ырчы мырза достору менен жолугушууда отурганда өзүн жаман сезген. Достору Шатуновду жакын жердеги бейтапканага алып барышкан. Ал жакта 10 мүнөттөй болгон соң «Тез жардам» кызматы келип, ооруканага алып кетет. Ооруканага 20 мүнөттө жетишмек. Бирок Юрий Шатунов жолдо каза болгон.

Кечээ, 23-июнда 90-жылдардын жылдызы Юрий Шатунов 48 жашында жүрөк оорусунан каза болду.