Гүлнара Калдарова, Замир Арыкбаев, Үмүт Тилегенова «Эмгек сиңирген артист” наамын алышты 

Ырчы, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын “Кыргыз-Руху” фольклордук ансамблинин солисти Замир Арыкбаев, эстрада ырчысы Гүлнара Калдарова менен Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти Үмүт Тилегенова «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамын алышты.

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.