“Жапайы Роза”, “Байлар дагы ыйлашат” сериалдары аркылуу таанылган актриса Малени Моралес каза болду

“Жапайы Роза”, “Байлар дагы ыйлашат” сериалдары аркылуу таанылган мексикалык актриса Малени Моралес каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, актриса 21-ноябрда көз жумган. Азырынча өлүмүнүн себеби белгисиз. Бирок актриса буга чейин рак илдети менен ооруган.

Белгилей кетсек, Моралес “Жапайы Роза”, “Байлар дагы ыйлашат”, “Камила” жана башка бир топ популярдуу кино-сериалдарга тартылып, эл ичинде атак-даңкка ээ болгон.

Ошондой эле, 45 жылдан бери белгилүү актёр Отто Сирго менен түтүн булатып келген.