Жолдошу менен ажырашкандан кийинки ой-толгоолор камтылган. Назира Айтбекованын китеби жарык көрдү

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекованын #жөнэлеойлор аталышындагы китеби жарык көрдү. Маалыматты ал өзү тастыктап, буларга токтолду.
“Көптөн бери кыялданган тилегим бүгүн орундалганына абдан сүйүнүп жатам. Китепте 2017-жылдан 2020-жылдын январь айына чейин жазган ой-толгоолорум, жан дүйнөмдөгү кубулуш, ырларым, ыйларым, сырларым, жолдошум менен ажырашкандан кийин депрессиядан кантип чыкканым, баскан-жолум, айтор баары камтылган. Жалпысынан 276-беттен турган китеп 500гө жакын нускада жарык көрдү. Өзүмө-өзүм демөөрчү болдум. Китеп чыгарууга кеткен бардык чыгымды эсептеп чыкканда ар бир китептин баасы 500 сом болот экен. Сатыктан түшкөн акчага кайра китеп чыгаруу оюмда бар” дейт алып баруучу.

Видео төмөнкү тиркемеде:

Жолдошу менен ажырашкандан кийинки ой-толгоолор камтылган. Назира Айтбекованын китеби жарык көрдү