«Жубайым көз жарганда ыйладым». Актан Рыскелдиев 3-ирет уулдуу болду

Актёр Актан Рыскелдиев үчүнчү ирет уулдуу болду. Маалыматты актёр өзү тастыктап, буларга токтолду.

“Келинчегим Феруза бүгүн эртең менен саат 9:45те көз жарды. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Үчүнчү ирет ата болуп жатканым менен кадимкидей башкача сезимдер болду. Ыйладым. Наристебизге ысымды келинчегим коёт. Азырынча бир ысымга токтоло элекпиз, бирок варианттар бар” дейт ал.