«Зомбулук болгон эмес». Жонни Депп соттон Эмбер Хёрдду утуп чыкты

«Кариб деңизинин пираттары» тасмасынын жылдызы, актёр Жонни Депп менен мурунку жубайы, актриса Эмбер Хёрддун ортосундагы сот процесси аяктады. Соттун жыйынтыгында Жонни Депп утту.

АКШнын Виргиния штатында орун алган Жонни Депп менен Эмбер Хёрддун ортосундагы сот иштери аяктап, актёрдун пайдасына чечилди. Чечимге ылайык, актриса Жонни Деппке зыян келтиргени үчүн 15 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми актёр жактоочусу актрисаны каралагандыгы үчүн мурунку жубайына 2 миллион доллар төлөмөй болду.

2019-жылы Эмбер Хёрд «Washington Post» журналына берген маегинде үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгондугун билдирген. Ага актёр мени каралап жатат деп, доо арыз менен кайра сотко кайрылган. Актриса анын үстүнөн кайра доо арыз жазып, чогуу жашаганда актёр ага кол көтөрүп, психологиялык зомбулук көрсөткөнүн айткан. Көпкө созулган соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Эмбер Хёрддун интервьюсуна каралоо деп баа берилип, соттон Жонни Депп утуп чыккан.

Жонни Депп менен Эмбер Хёрд 2015-жылы баш кошуп, 3 айдан соң Эмбер Хёрд ажырашуу арызын жазган. 2017-жылы экөө расмий түрдө ажырашышкан.