«Зомбулукту токтотуу максатында тартканбыз». Блогер сынга кабылган видео боюнча түшүндүрмө берди

Жубайлар, блогерлер Илияс Чыңгызбек уулу менен Айтурган Замирбек кызы соцтармактагы баракчасына видео жарыялашкан. Коомчулук тарабынан бул сынга кабылды. Себеби видеодо блогер апасын унаанын алдына отургузуп, келинди унаага сүйрөтүп алганы тартылган. 

Көпчүлүк «Бул зомбулукту пропагандалоо. Кыз-келиндерди басмырлоо. Кантип келинге ушундай мамиле кылууга болсун» деп нааразы болушууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги блогер Илияс Чыңгызбек уулу менен байланышканыбызда, бул мурдагы видеого жооп катары тартылганын, тескерисинче келинге болгон ушундай мамилени токтотуу үчүн даярдалганын айтты. 

«Биз бул видеону мурдагы видеого жооп катары тартканбыз. Себеби, мурдагы видеодо жубайым унаанын алдына, ал эми апам арткы орунга отурганда «эмнеге апаң алдыга отурбайт?» деп абдан талкуу болгон. «Анан эмне келинге ушундай мамиле кылуу керекпи?» деген ойдо видеону жарыяладык. Биз тескерисинче зомбулукту токтотолу деген ойдо тартканбыз. Элдин ою боюнча кылсак, кандай көрүнөрүн чагылдырганбыз», — деди Илияз Чыңгызбек уулу.