«Элдик кабарчы»: «Адамдын эле өлүгү жок. Тоңдогу таштанды Ысык-Көлдү булгап жатат»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жумаш Эшперов айылынын тургуну кайрылды.

Анын айтымында, айылдагы коктуда жайгашкан таштанды төгүүчү жайдан чыккан суу Ысык-Көлдүн суусун булгап жатат. Ал эми таштанды таштоочу жай талапка жооп бербейт. «Айылдагы эки коктунун ичинде таштанды жай жайгашкан. Ал сазга жакын. Таштанды таштоочу жайда адамдын эле өлүгү жок. Азыр койлор чечек оорусу менен ооруп жатат. Алардын сөөктөрүн бул жакка ыргытып жатышат. Ал эми таштанды төккөн жайдан өйдөрөөк сугат жерлер бар. Жаан да көп жаайт. Ал жерге жаан жааса, жакын жайгашкан чоң сууга кошулуп, Ысык-Көлгө куят. Көлдүн суусун булгап жатат», — дейт окурман.