«Элдик кабарчы»: «Балыкчыда эки унаа кагылышты» (видео)

Бүгүн, 1-июлда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында эки жеңил унаа кагылышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына окурман билдирди.

Маалымат боюнча, кырсык бүгүн саат 11:15 чамасында болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен бир адам колун сындырып, башка жаракат алгандар катталган эмес.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.