«Элдик кабарчы»: Мушташка чейин алып барган Өзгөндөгү Калкты тейлөө борборундагы кезек (видео)

Өзгөндөгү Калкты тейлөө борборуна келгендердин саны көп болгондуктан, кезекке турган жарандар мушташууга чейин барышууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, борбордо кезек күткөндөрдүн саны көп болгондуктан, жарандар таң атпай келип, кезекке турушат. Алардын арасында кезекти бузуп, кирип кетишкени да болот.

Каарманыбыз жиберген видеодон борборго келген эки жарандын кезек талашып жатканын, кезек бузган кишинин болбой эле борборго кирип кеткенин көрүүгө болот. Ага ачууланган кишинин Калкты тейлөө борборунун алдында турган брусчатканы алып ыргытып, ызырынып жатканын, борбордун кароолчусу аны жерге басып, милиция кызматкерлерин чакырууну суранып жатканын көрүүгө болот.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.