«Элдик кабарчы»: «Өзбекстандан келген дарбыздар толуп, биздики өтпөй калды». Аксыда нааразы эл чогулууда (видео)

«Элдик кабарчы» рубрикасына Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын тургундары кайрылышты. Алардын айтымында, эл чогулуп, Кыргызстанга Өзбекстандын дарбызын киргизбегиле деп талап коюуда.

«Бир жумадан бери Өзбекстандан 40-50 чакты фура дарбыз келди. Алардын дарбызын Кыргызстанга толтуруп салып, айылдагы дыйкандардын дарбызы өтпөй отуруп калышты. Бизде дарылар кеч, кымбат келди да. Ошого байланыштуу дарбыздын баасы кымбатыраак. Аларда биздикиндей маселе болгон жок. Негизи Кызыл-Жар айылы Кыргызстанды дарбыз менен тейлейт болчу. Азыр Аксынын Үч-Коргон айыл өкмөтүндө эл чогулуп жатат. Айыл өкмөтүндөгүлөр келип, маселени чечкендин ордуна тарагыла, укук коргоо органдарын чакырабыз деп элди коркутту. Эл жабылып сөзүн укпай коюп, кайра кетип калышты. Учурда нааразы болгон элдин саны улам көбөйүп жатат», — дейт окурман.