«Элдик кабарчы»: «Ала-Буканын Чоң-Сай айылында сел жүрдү» дейт тургун

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургуну кайрылып, кечээ, 7-августта сел жүргөнүн билдирди.

«Сел 3 үйдү жараксыз кылды», — деген тургун видеолор менен бөлүштү.

ӨКМ азырынча бул аймактагы сел тууралуу маалымат бере элек.





Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.