«Элдик кабарчы»: «Таласта Тез жардам унаасы жылкыдан буйтап, теректи сүздү. Айдоочу менен фельдшер мүрт кетти»

иллюстрация

Талас облусунун Бакай-Ата райондук оорукананын Тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктан унаанын айдоочусу жана ичиндеги медкызматкер көз жумган. «Окуя саат 21:00 чамасында катталган. Тез жардам кызматы чакырууга бара жаткан экен. Алдынан жылкы чыгып, буйтайм деп теректи сүзүптүр. Унаадагы экөө тең көз жумду», — деди күбө.

Редакцияга жогорудагы маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. «Ооба, жол кырсык болду. Тилекке каршы, айдоочу менен фельдшер көз жумду», — дешти министрликтен.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.