«Элдик кабарчы»: «Бишкекте 10-11 үй 5 айдан бери суусуз отурабыз. Кыйналып кеттик»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Бишкектин Биринчи Май районунун жашоочусу кайрылып, Ленская тар көчөсүндөгү 10-11 үй 5 айдан бери суусуз отурганын айтып, тиешелүү жак чара көрбөй жатканын билдирди.

«Кайрылбаган жерибиз калган жок. «Суу каналга» кайрылсаң кызматкерлерин жиберет. Алар келет да «өзүңөр жасагыла» дейт. Жасаталы десек, «бул документ, тиги документ алгыла» дешет. Жаңы куур киргизгенге да уруксат жок экен. Айып төлөйсүңөр дейт. 5 айдан бери суубуз жок. Бул жерде карылар, кичине балдары барлар бар. Суу ташып ичип жатабыз. Кыйналып кеттик. Негизги көйгөй суу болуп жатат. Аким, мэрлер, суу башчыларынын башы оорубайт экен. Эртең кошуналарыбыз менен мэрияга баралы деп жатабыз. Майнап чыгабы же жокпу билбейм», — дейт тургун.