«Элдик кабарчы»: «Бишкекте 5 унаанын катышуусунда жол кырсык катталды» (видео)

Бишкекте 5 унаанын катышуусунда жол кырсык катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирип, видео менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, кырсык Байтик баатыр менен түштүк магистралдын кесилишинде катталган. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты. Алардын айтымында, бүгүн, 19-майда саат 10:00 чамасында жогоруда аталган жерде Ниссан, Нексия, Тойота, Лексус жана Равон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, Нексиянын айдоочусу жаракат алды.