«Элдик кабарчы»: «Бишкектеги кафени бузуу иштери жөө адамдарга ыңгайсыздык жаратып жатат» дейт күбөлөр

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө окурман кайрылып, Бишкекте бузулуп жаткан “Ожак кебап” кафесин бузуу иштери жөө адамдарга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтты.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү бөлүк бузуу иштери үчүн жабылган. Ал эми жарандар ал жерден өтүү үчүн унаа жолго чыгуугу мажбур болуп жатышат.

24-октябрда Бишкекте «Ожак Кебап» кафесинин бир бөлүгү буздурула баштаган. «Бул жер тилкеси тротуарларды кеңейтүү максатында бошотулуп жатат. Келечекте жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астындагы же жер үстүндөгү өтмөк куруу пландалууда», — деген вице-мэр Орунтаев.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.