«Элдик кабарчы»: «Бишкектеги почтада кызматкерлер иш таштады. Себеп айлыктын аздыгы болушу мүмкүн»

Бүгүн, 12-ноябрда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Бишкектин Токтогул менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүмүндө почта кызматкерлери иш ташташты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирди.

Анын айтымында, кабылдамада бир гана кызматкер иштеп жатат. Кезек күткөн кишилердин саны көп. Күбөнүн айтымында, иш таштоого айлык акынын аздыгы себеп болушу мүмкүн.


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.