«Элдик кабарчы»: «Чүйдүн тургуну 10 күн мурда 51 жылкыны уурдатып жиберди»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына Чүй облусунун тургуну кайрылып, жээни мындан 10 күн мурда 51 баш жылкысын уурдап жибергенин айтып, жардам сурап кайрылды.

«10 күн мурда Кемин районуна караштуу Боролдой айылынын Коңур жайлосунан 51 баш жылкы уурдатып жибердик, ар бир жылкыда сүрөттөгүдөй эни бар болчу. Жээним элдин жылкысын кайтарчу. Эми төлөмөр болуп башын мыкчып айласы кетип жатат. Айлабыз кетти. Карабаган кокту-колот калган жок», — дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.