«Элдик кабарчы»: «Инсулин сатыкта да жок болуп кыйналып жатабыз»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына окурман байланышып, инсулин ала албай кыйналып жатканын билдирди. «Мен кант диабети менен ооруйм. Инсулин 3 айдан бери жок болуп, кыйналып жатабыз. Мурун сатып алып жаттык эле, азыр сатпай да калды» деген окурман.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Бизге 30-июнда аз өлчөмдө гуманитардык жардам келген. Аны аймактарга таратканбыз. Бишкекте 5 миңге чукул пациент бар. Ошондуктан азыр Бишкекте протафан калбай деле калышы мүмкүн. Аймактарда айрым жерде болсо болгондур, айрым жакта жок деле болушу керек. Азырынча кийинки партия качан болорун так айта албайм. Бирок июлдун аягына чейин келиши керек. Биз азыр заводдон жөнөттүк деген кабарды күтүп жатабыз. Качан келгенде сөзсүз маалымат беребиз. Мурун инсулинди заводдун орусиялык филиалынан алсак, азыр Түркия аркылуу келет. Ошондуктан азыр заводдон жооп күтүп жатабыз», — дейт Добрынина.