«Элдик кабарчы»: «Жолбун иттер короодогу койлорду өлтүрүп жатат» дейт Таластын тургуну

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Гүлниза Мызаева аттуу Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургуну кайрылып, жолбун иттер короого кирип, кой менен тоокторго кол салып жатканын айтты.

«Айылдагы жолбун иттер тоок, короодогу малга кол салууда. Кечинде эшикке чыккандан коркуп жатабыз. Тургундар аталык десе, мыйзамсыз болуп калабы деп коркушууда. Эми мектеп башталса, окуучуларга кол салышат го», — дейт ал кооптонуп.

Ал короодо өлүп жаткан койлордун видеосу менен бөлүштү. Алар айыл өкмөттөн иттерди атып берүүнү суранып жатышат.