«Элдик кабарчы»: «Кара-Суу районунда соттук приставдар аял кишини сүйрөп, сыртка чыгарууга аракет кылышты»

Кара-Суу райондук сотунун соттук приставдары аял кишини сүйрөп, сыртка чыгарууга аракет кылышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу райондук сотунун судьясынын буйругу менен Рахимахан Топчубаева аттуу аял кишини соттук приставдар сүйрөп, эшикке чыгарууга аракет кылышкан. Бирок видеодон соттун мындай буйрук бергенин көрүүгө мүмкүн эмес. Мындан тышкары, тасмадан аялга жардам көрсөтүү үчүн медкызматкердин келгенин көрүүгө болот.

Бул боюнча биздин редакция Ош облустук соттун басма сөз кызматына байланышты. Алардын айтымында, бул видео 2 ай мурда тартылган. Анда сот турак-үйдөн чыгаруу боюнча ишти караган. Рахимахан Топчубаева соттун жыйынтыгына нааразы болгон. Учурда бул иш апелляциялык арыздын негизинде Ош облустук сотунда каралып жатканы маалым болду.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.