«Элдик кабарчы»: «Көлдө «президент өтөт деп» жолду жаап салышып, тыгын пайда болду»

Ысык-Көлдө жолдон президент Садыр Жапаров өтөт деп, жолду жаап салышып, чакырымдык тыгын пайда болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирип, видео менен бөлүштү.

«Жолду жаап турушат. Анын үстүнө жолдогу асфальт дагы алынган болчу», — дейт күбө.

Редакция президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев менен байланышканыбызда, президенттин Ысык-Көлдө эмес, Бишкекте иш ордунда экенин билдирди. «Президент Бишкекте, жумушчу ордунда», — деди ал.