«Элдик кабарчы»: «Лебединовкадагы көпүрө тешилип, кооптуулук жаратууда»

Чүй облусуна караштуу Лебединовка менен Новопокровка айылдарынын ортосундагы көпүрө тешилип, коркунуч жаратып келет. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына жергиликтүү жашоочу билдирип, сүрөттөрү менен бөлүштү.

«Көпүрөнүн эки жеринен тешилип калганына көп болду. Бул жер балдар үчүн абдан кооптуу. Буту кирип кетиши мүмкүн. Байкабаган адам караңгыда өтсө буту тыгылып, чалынып, жок дегенде жыгылат», — дейт тургун.