«Элдик кабарчы»: «Мал менен чогуу бир жерден суу ичебиз» дейт Тогуз-Тородогу Ак-Өргө конушунун тургуну

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын Ак-Өргө конушунун тургуну кайрылды.

Анын айтымында, чечилбеген таза суу маселеси мышык ыйлай турган абалда. «Айыл тургундары мал менен кошо ылай суудан ичүүгө аргасыз болуп келишүүдө. Ошондон улам оорулар көбөйүп, адамдардын ден-соолугуна коркунуч жаратып жатат. Буга чейин өкмөткө жана тиешелүү мекемелерге көп жолу кайрылуулар болуп, бирок такыр жыйынтык чыкпай келет. Таза суу маселесин чечип берүү үчүн айыл тургундары президенттен, өкмөттөн жардам сурайт. Бул кайрылууну көңүл сыртында калтырбоону суранабыз!» — дешти кайрылган жаран.



Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.