«Элдик кабарчы»: «Манас» аэропортуна кеткен жолду жабабыз». Учкун айылындагы чыр

Эгер айыл өкмөт башчысы иш ордуна келип, биздин маселени чечип бербесе, «Манас» аэропортуна кетчү жолду жабабыз. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына Учкун айылынын тургуну билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөт жер маселесин чечип бериши керек эле, бирок ал учурда иш ордунда жок.

«Биз айыл өкмөткө саат 8:30да келгенбиз. Ошол боюнча оозубузга суу албай күтүп жатабыз. Азыркыга чейин жок. Биздин негизги көйгөй үй салуу үчүн жер тилкесин ала албай жатканыбызда. Учкун айылынын аймагында 30 жылдан бери тикенек баскан жер бар. Ошол жер үй салуу үчүн тургундарга берилиши керек эле. Бирок ал жер тилкени Учкун-2ге өтүп кетет деп жатышат. Биз дайыма жер тилке сурап келсек, бизди алдап кетирип жиберчү. Көрсө, документ алып, жер тилкени чийдирип алган жарандар бар экен. Азыр эми ошол маселени чечүүгө келсек, бизге кызматкерлердин бири да көңүл бурбай, айыл өкмөт келсин деп жатышат», — деди нааразы болгон тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.