«Элдик кабарчы»: «Чабандар муздун айынан Ак-Сай жайлоосуна жете албай жатышат» (видео)

Нарын облусунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн чабандарын Соң-Көлдөн Ак-Сайга көчүрүшкөн. Бирок ал жерге барган жол муз болгондуктан, чабандар жайлоого чыга алышпай ээн жерде 2 күндөн бери түнөп жатышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына окуяга туш болгон адам билдирди.

Алардын айтымында, жылда жайлоого Соң-Көлгө чыгышчу. Быйыл жергиликтүү бийлик жолду оңдогонун айтып, Ак-Сайга чыгууну айтышкан. Бирок жолдогу муздун айынан тургундардын көздөгөн жерине жете албай турганын көрүүгө болот. Мындан тышкары, бул акыбалдан чыгуу үчүн тургундар музду колу менен чагып жатышат. «Мына айыл өкмөттүн иши. Ушул музду трактор менен түрттүрүп салса болот эле да. Эми биз минтип кол менен чагып жатабыз. Мына ушинтип ээн жерде түнөөгө туура келип жатат. Бизде 2 короо көч бар. Артыбызда 6 короо көч келе жатат. Ак-Сайга көч деп кыйнашат, же жолду тазалап беришпейт. Бизде эки унаа бар эле, экөө тең бузулуп калды. Кыйналып жатабыз, бизди алып кетишсин. Жергиликтүү бийликтен жардам жок», — дешти алар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.