«Элдик кабарчы»: «Ош шаарында таштанды 1 жумадан бери тазаланбай жатат» (сүрөт)

Ош шаарында таштанды 1 жумадан бери алынбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына шаардын тургуну билдирди. Анын айтымында, Манас-Ата кичи районундагы таштанды бир жумадан бери тазаланбай жатат.

Бул боюнча редакция Ош мэриясына кайрылды. Маалыматка караганда, аталган көчөнүн аты Салиева экенин, ал жерде мыйзамсыз курулган курулуштарды түрттүрүп жаткандыктан көчө ушундай абалга кептелгенин айтышты.

«Бул Манас-Ата районунун Салиева көчөсү. Бул жерде Ош мэриясы түрттүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тактап айтканда, жөө адамдар өтүүчү жерге чыгып кеткен курулуштардын бардыгын бузуп жатабыз. Жакында бул жерге долбоору да бар, аллея курулуп, жол толугу менен асфальтталат. Ошол үчүн муну бузуп салганбыз. Мен бул маалыматты «Тазалыкка» жөнөтүп коём, бирок мындай болушу мүмкүн эмес. Ал эми бул таштандылар боюнча, бул да Салиева көчөсүндө экен. Ал жакта бузуу иштери жүрүп жаткандыктан «Тазалыктын» унаалары кире албай жаткан окшойт. Алдырабыз», — деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.