«Элдик кабарчы»: «Ош шаарынын базарында мушташ болуп, 70ке таяп калган апа бутунан жаракат алды» (видео)

Ош шаарынын базарында мушташ болуп, 70 жашка чыгып калган апа бутунан жаракат алып, жерге жатып калды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирди.

Анын айтымында, апага жардам берип тургузуп, унаага салып жиберишкен.

Окуя боюнча Ош ШИИБ окуяны тактап, чоо-жайын редакцияга билдирүүнү убадалашты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.