«Элдик кабарчы»: Ошто жол кырсыгы катталды (видео)

Ош-Өзгөн жолунда трактордун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 6-июнда Кароол айылында катталган. Күбө жиберген видеодон чиркегичи бар трактордун алдыңкы бөлүгүнүн жабыркаганын көрүүгө болот.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.