«Элдик кабарчы»: «Таласта сүзүшкөн эки унаанын биринде өрт чыкты. Каза болгондор бар»

Таласта жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кырсыктын күбөсү билдирди.

Күбөнүн айтымында, оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадан өрт чыккан. Мындан тышкары, кырсык учурунда 2 адамдын унаадан ыргып кеткенин айтты. «Эки унаа сүзүшүп, жеңил унаада өрт чыкты. Биз артында келе жатканбыз. Жолдон айдоочулар токтоп өрттү өчүрүп жатышты. Бирок «үн чыккан жок» дешти. Каза болгондор болушу мүмкүн. Терезеден учуп кеткен эки киши сыртта жатты. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу абалы жакшы экенин айтты», — деди ал.

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил унаа жолдогу жылкыдан качып, алдына кирип кеткенин айткан. Азырынча окуя тууралуу ӨКМ комментарий бере элек.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.