«Элдик кабарчы»: Таласта жүргөн сел төө буурчак айдалган талааны жууп кетти

Кечээ, 25-майда Талас облусунда жүргөн сел талаадагы эгиндин баарын жууп, талааны тегиз кылып койду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына жергиликтүү тургун билдирди.

«Фасоль айдалган талаа, огороддун баарын алып кетти. Эч нерсе калбаптыр. Талаанын баарын тегиз кылып коюптур. Үйлөрдү каптап жатыптыр. Аябай жаман болду. Эми көлдөр толуп жатыптыр. Алар толсо, мындан да жаман болот окшойт», — деди ал.

ӨКМдин маалыматы боюнча, кечээ, 25-майда Таласта жүргөн селден Бакай-Ата районундагы 37 үйдүн короосун суу каптаган. Бүгүн тазалоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.