«Элдик кабарчы»: «Таластын Шанхай жаңы конушунда 1 сааттан бери токой өрттөнүп жатат» (видео, сүрөт)

Талас районуна караштуу Шанхай жаңы конушундагы токой өрттөнүп жатат. Өрт өчүрүүчүлөр жеринде 1 сааттан бери иш алып барышууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, өрт бүгүн, 29-июнда болжол менен саат 16:30да чыккан. Жерине ӨКМдин кызматкерлери барышкан. Саат 17:30га чейин куткаруучулар өрттү өчүрө албай жатышат.


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.