«Элдик кабарчы»: «Тамчыдан Москвага учарда ПЦР-тест талап кылышты, аргасыз сатып алдык»

Бүгүн, 21-июнь күнү республикалык штаб ПЦР-тестсиз кире алчу өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Тизмеге Орусиянын Москва шаары да кирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына Тамчыдан Москвага учкан окурман байланышып, аэропортто ПЦР-тест талап кылып жатканын айтты.

«Биз 3 адам 18-июнь күнү Тамчыдан Москвага учканбыз. Алгач Москвага учканга ПЦР-тест талап кылбайт деп бейкапар отурганбыз. Каттоо башталарда айланамдагылар ПЦР-тест керек, эмесе өткөрбөйт экен деп ызы-чуу түшүп калышты. Жанымда бир кыз «Кечээ ПЦР-тестим жок рейстен калып калдым. Бүгүн Караколдон тапшырып, кайра келдим» деди. Кызматкерлер ПЦР-тести барлар бир жакка, жоктор өзүнчө тургула деп бөлүп калышты. Жанымдагы кыз бир номер бар, чалып жасатып алсаңыз болот деп бере калды. Шашылышта айла жок, ПЦР-тест жасатканга туура келди. Мамлекеттик лаборатория экен, 3 адамга ПЦР-тестке 6 жарым миң сом бердик. Ал эми тести жоктор бир жакка туруп калышкан.

Каттоодон өткөндө «ПЦР-тест Москвада жокко чыгарылган эмес. Ал жакка барганда дагы сурайт» деп эскертишти. Москвага жетерде шаарга барганыбыздын максаты, кайсы дарекке барабыз жана ПЦР-тест тапшырдыбы-жокпу, ошол боюнча атайын анкета толтурдук. Бирок Москвага келгенде ПЦР-тестти эч ким текшерген жок.

Кийин карасам, тести жок болуп чуу салган бир улгайган киши менен эки эже биз менен учту. Алар дагы же акча беришти же дагы башка жолун кылышты окшойт», — дейт окурман.