«Элдик кабарчы»: «Токтогулда жүргөн селден кийин тургундарга ыңгайсыздык жаралды» дейт тургун

Кечээ, 8-августта катуу жааган жаандан улам Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын Оот кыштоосунда сел жүрдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө жергиликтүү тургун билдирди.

«Унаа жолдорду бузуп жана тосмолорду агызып кеткен. Тоодон ылдый таштарды агызып, элдин күнүмдүк жашоосуна ыңгайсыздык жаралды», — деди ал видео менен бөлүшүп.