«Элдик кабарчы»: «Унааны кайра каттоочу жайда сервис иштебей, кезекке тургандар толуп кетти»

Унааны кайра каттоочу жайларда сервис иштебей жатат. Кезекке турган жарандар абдан көп болууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирди.

Анын айтымында, сервис республика боюнча иштебей жатат. «Качан иштейт десек, белгисиз экен, Кыргызстан боюнча иштебей жатат дешти», — деди ал.

Ал эми «Унаа» ишканасы менен байланышканыбызда, жерине кызматкерлер бара жатканын, териштирүү болорун, маалымат бир нече убакыттан кийин такталарын айтышты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.