«Элдик кабарчы»: Заря айылынын жанында жеңил унаа КамАЗдын артына кирип кеткен (видео)

Сокулуктун Заря айылында жайгашкан базардын жанында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө билдирип, кырсыктын видеосу менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 28-июнда катталган. Анда оор жүк ташуучу КамАЗдын артына жеңил унаа кирип кеткен. Видеодон жеңил унаанын үлгүсү Фольксваген Пассат экенин, адамдардын чогулуп, жабыркаган адамга жардам көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. «Жабыркаган адам аман», — деди күбө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.