«Элдик кабарчы»: Петровка айылында бир айдан бери сугат суу жок (видео)

Чүй облусуна караштуу Москва  районунун Петровка айылындагы каналда бир айдан бери сугат суу жок болуп жатат. Бул тууралуу «Элдик кабарчы» рубрикасына окурман билдирди.

Петровка айылынын жашоочулары каналдагы суунун жоктугунан кургакчылык болуп жаткандыгын айтышууда. Бул маселе боюнча кайрылган адамдар тарабынан жыйынтык чыкпай жатат дешет.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.