«Элдик кабарчы»: Пенсионердин эски телевизору жарылып, үйү өрттөнүп кетти (видео)

Кечээ, 17-май күнү Ош шаарында Аскар Шакиров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Бул тууралуу «Элдик кабарчы» рубрикасына окурман кабарлады. Анын айтымында, үй 81 жаштагы Мария Гаврилова аттуу пенсионерге таандык.

Видеодо байкалгандай, ашканада чыккан өрттөн улам буюмдар күйүп, жараксыз болуп калган. Ошондой эле пенсионер кайрылуу жасаган. «Мен Гаврилова Мария Петровна, 81 жаштамын. Менин үйүмдө өрт чыкты. Ашканадагы газдын жанында эски телевизорум турган болчу. Газдан от чыгып, телевизор күйүп кетти. Баары жараксыз абалда. 6 миң сом пенсия алам, мага жардам берүүңүздөрдү суранам. Оңдоп-түзөөгө жардам сурайм», — деген ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.