«Элдик кабарчы»: Чыгыш-5 кичи районундагы жолдун жабылышына жашоочулар нааразы болушууда (видео)

Бүгүн, 20-майда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы жолдун жабылышына каршы болгон жарандар СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына кайрылышты.

Алардын айтымында, аталган кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө Чүй көчөсүнөн кирүүгө болот, бирок кандайдыр бир кырсык болсо, ал жол менен чоң унаалар, өрт өчүрүүчү унаа да кире албайт. Ал эми  жергиликтүү бийлик тургундар көп жылдан бери кирип жүргөн Мамбетов көчөсүн жаап салышкан. Себеби №9, №10 үйдүн айрым жашоочулары жабууну суранышкан. Алардын эмнеге мындай кадамдарга барганы белгисиз.

«Жолго бетондорду койгон формачан кишилер прокуратуранын кагазы деп бир документти көрсөтүштү. Бирок аны окууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Жол деген шаардыкы да, эгер ар бир жашоочу өз жолун жаап салса, кандай болот?» — деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз. Сиз бир гана окуяны коомчулукка жеткирбей, 100 сомдон 1000 сомго чейин пайда табууга мүмкүнчүлүк аласыз.