«Альянс Алтын» жергиликтүү кеңештин депутаттарына өз ишин ачык-айкын шартта көрсөттү

“Альянс алтын” компаниясынын демилгеси боюнча Бекмолдо айыл округунун депутаттары “Жерүй” кенине барышты. Жаңы шайланган эл өкүлдөрүнүн курамына фабрика көрсөтүлүп, анда алар курамында алтын бар тоо-текти кайра иштетүү технологиясы менен таанышты. Ошондой эле алар калдык сакталуучу жайдын бүгүнкү абалын көрүп чыгышты. Компаниянын адистери кен чыккан жер, алтын ылгап алуучу фабриканын башкы корпусу жана калдык сакталуучу жайга толугу менен кароо жүргүзүштү.

“Альянс алтын” компаниясынын жетекчилиги жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда тегерек стол да болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандагы мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча ири компания чакырылып, анын өкүлү аталган аймакта ишке ашырууга мүмкүн болгон келечектүү долбоорлор тууралуу айтып берди. Эки документке кол коюлду, алар: Бекмолдо айыл округу менен кызматташуу жана туруктуу өнөктөштүк жөнүндө меморандум менен “Альянс алтын” компаниясы тарабынан жардам каралган келишим. Анда жаңы техниканы киргизүү аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүү камтылган.

Башкы директор менен өткөн тегерек столдо бир катар маселелер көтөрүлдү. Айрыкча, кен чыккан жердин өндүрүш технологиясы, ишке орноштуруу жана экология боюнча көйгөйлөр. “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов ушул жылдын 20-августуна карата “Жерүй” долбоору боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн алкагында республикалык жана жергиликтүү бюджетке 2 миллиард 781 миң сом которулганын кабарлады. Анын ичинен алтынды сатуудан түшкөн кирешеден төлөнгөн салык 902 миллиондон ашуун сомду түзгөн. 93 миллиондон ашуун сом Талас облусундагы жергиликтүү мааниге ээ болгон инфраструктураны камсыздоо жана өнүктүрүүгө которулган. Андан тышкары, өндүрүштүн толугу менен экологиялык талаптарга жооп берери белгиленди. Башкы директордун орун басары Арна Тыналиева кен чыккан жерге кадрларды тандоо боюнча башкы жагдайлар тууралуу айтып берди. Ал кызматкерлер мүмкүн болушунча ачык-айкын шартта жана жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн катышуусунда тандаларын билдирди. Кийинчерээк кадр тандоо боюнча комиссияга кошуу үчүн жергиликтүү эл менен тыгыз кызматташууну улантуу пландалууда.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча узакка созулган жана салабаттуу талкуудан кийин Талас аймагын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү тыгыз кызматташуу тууралуу чечим кабыл алынды.