Борбор калаанын чок ортосунда, ЦУМдун жанында жайгашкан иштеп турган фонтандык комплекс ордунда жаңыланган Бишкектин негизги символдорунун бири боло турган жаңы көп функционалдуу объекттин курулушу жүрүп жатат.
Шаар тургундарынын суроолоруна жооп
Долбоордун демилгечилери маалыматты дал ушул учурда коомчулукка ачыктоону туура көрүшүүдө, анткени социалдык тармактарда фонтандык комплекстин тагдыры кызуу талкууланууда.
«Биз тургундардын тынчсыздануусун көрүп турабыз. Ошондуктан түшүндүрүп кетүүнү маанилүү деп эсептейбиз: долбоордун бир бөлүгү катары фонтандык комплекс жаңыланат. Фонтандар жөн гана сакталбастан, дагы да көрктүү жана жагымдуу болот. Долбоор шаардын, анын тургундарынын жана конокторунун куунактыгы үчүн багытталган», — дешти долбоордун өкүлдөрү.
Долбоор шаар куруу кеңешинен өтүп, оң тыянак алган.
Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, фонтандык комплекс өз ордунда калат — ал толугу менен сакталат жана жаңы шаардык мейкиндикти толуктаган заманбап архитектуралык элементке айландырылат.
Белгилей кетүүчү жагдай, фонтандык комплекс 1996-жылдан бери тиешелүү токтомдун негизинде жеке менчикте болуп келген. Ошол эле учурда социалдык тармактарда бул объект мамлекеттик менчик деген жаңылыш пикирлер айтылып келет, бирок бул чындыкка дал келбейт.
Фонтандар сакталат жана жаңырат
Долбоордун авторлору учурдагы фонтандык система инженердик инфраструктуранын бир бөлүгү болуп, имараттарды муздатуучу элемент катары кызмат кыларын белгилешти.
Ушуга байланыштуу фонтандарды толугу менен бузуп салуу маселеси эч качан каралган эмес.
Мурунку фонтандык комплекс ондогон жылдар мурун курулуп, узак убакыт бою олуттуу техникалык чектөөлөр менен иштеп келген. Инженердик системалар эскирип, жабдуулар заманбап санитардык, экологиялык жана визуалдык талаптарга жооп бербей калган.
Мейкиндиктин архитектурасы да Бишкектин климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алган эмес, ал эми жашыл аянтчалардын бир бөлүгү коопсуздук максатында шаардык кызматтар менен макулдашуу аркылуу мурда алынып салынган.
Долбоордун алкагында фонтандар бузулбайт, тескерисинче комплекстүү модернизациядан өтөт: инженердик системалар жаңыланат, заманбап технологиялар, көркөм жарыктандыруу киргизилет жана заманбап шаарлардын деңгээлине шайкеш келген жаңы, ыңгайлуу архитектуралык чөйрө түзүлөт.
Мурун аптаптуу жай айларында көлөкө менен салкындын жетишсиздигинен улам фонтандардын жанында узак убакыт болуу кыйынчылык жаратчу. Жаңы долбоордун алкагында фонтандык комплекстин үстүнөн жабык мейкиндик түзүлүп, ал абанын табигый айлануусун жана көлөкөлүү аймактарды камсыздайт. Бул шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна эң ысык күндөрдө да фонтандардын жанында ыңгайлуу убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Маданият, көңүл ачуу жана ишкердик активдүүлүк — бир мейкиндикте
Фонтандардын учурдагы деңгээлинен жогору заманбап көп функционалдуу комплекс курулат. Ал төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- Бардык үй-бүлө үчүн эс алуу жана көңүл ачуу зоналары
- Иш-чаралар, көргөзмөлөр жана шаардык демилгелер үчүн маданий мейкиндиктер
- Эл аралык деңгээлдеги бренддерди тартуу менен бизнес аянтчалар
«Биз азыртан эле чет элдик бренддер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар борбор калаага сервистин жана шаардык эс алуунун жаңы стандарттарын алып келе алышат», — деп белгилешти долбоордун жетекчилигинде.
Эл аралык кызматташтык жана эксперттердин катышуусу
Долбоорду ишке ашырууга чет өлкөлөрдө ири инфраструктуралык объекттерди куруу тажрыйбасына ээ негиздөөчүлөрү бар «Централ Эйжан Трейд Компани» ЖЧК жооп берет. Долбоор Old Bishkek командасы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Биргелешкен визуализация
Долбоордун архитектуралык концепциясы жана визуализациясы боюнча Казакстан, Кыргызстан жана Россиядан келген кесипкөй командалар иш алып барышты. Сунушталган варианттарды салыштырмалуу талдоонун жыйынтыгында кыргызстандык адистер иштеп чыккан долбоор тандалып алынды. Бул менен долбоордун жетекчилиги улуттук командаларды, жергиликтүү архитекторлорду жана дизайнерлерди колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, шаардык чөйрөнү түшүнүү жана көрө билүү долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда чечүүчү роль ойной турганын белгилейт.
Бардык шаар тургундары үчүн келечектеги кооз жана кызыктуу борбор
Долбоордун өкүлдөрү жаңы комплекс борбор калаанын чок ортосунда эс алуу, маданий иш-чараларга катышуу жана көңүл ачуу үчүн идеалдуу жайга айланарын белгилешет.
Шаар тургундары сүйүп келген аргымак аттардын жана бүркүттүн айкелдери бар фонтандык комплекс сакталат, модернизацияланат жана шаардык чөйрөнүн дагы да көрктүү, ыңгайлуу элементи болуп өзгөртүлөт. Ал музыкалык коштоо жана заманбап 3D-визуалдык эффекттер менен жабдылып, жаңы эмоциялык таасир жаратат жана бул жердин өзгөчө стилин баса белгилейт.
Долбоор Бишкектин тургундары жана коноктору үчүн маданий, социалдык жана көңүл ачуучу функцияларды бириктирген жаңы борбору катары түзүлүүдө. Комплекстин аймагында акысыз Wi-Fi жана шаар тургундары менен туристтердин ыңгайлуулугу үчүн кошумча сервистер жеткиликтүү болуп, бул жерде эс алууну дагы да ыңгайлуу жана жагымдуу кылат.
Келечекте жаңы комплекс заманбап жана тездик менен өнүгүп жаткан Бишкектин жаркын символуна айланып, борбор калаанын жаңы амбицияларын жана анын алдыга умтулуусун чагылдырат.