«Мегаком» компаниясы дагы да аярлуу катмардагы балдарга жардам берүүсун улантууда

«Мегаком» компаниясы дагы да аярлуу катмардагы балдарга жардам берүүсун улантууда. Ушул жылдын июнь айында “Мегаком” компаниясы Оштогу №12 көмөкчү мектептеги жана Жалал-Абаддагы өзгөчө балдардын абалы менен таанышып, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында жатаканага керектүү буюмдарды жана бөбөктөргө атайын таттууларды тапшырышты.

Бул иш-чара «Мегаком» компаниясынын алгачкы жана акыркысы эмес. “Мегаком” компаниясы жети дубандагы дал ушундай жардамга муктаж мектеп-интернаттарга жылына 2 ирээт жардам берип келет. Белгилей кетсек, өткөн жылы дал ушул Оштогу мектепке көзөмөл камераларын орнотуп, газ плиталар менен камсыздаган. Ал эми Жалал-Абаддагы өзгөчө балдар тарбияланган жайга жылына ар тараптуу жардамдар берилип келет.

100% акциясы мамлекетке таандык уюлдук оператор, корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында кайрымдуулук иштерине жигердүү салым кошуусун мындан ары да уланта бермекчи.