Талас районунун жетекчилиги “Жерүй” долбоорунун коопсуздугуна ынанышты

14-октябрда “Жерүй” кенинин өндүрүш тилкесинде “Альянс Алтын” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев жана жергиликтүү актив жолугушту. Коноктор алтын ылгап алуучу фабриканын иши менен таанышып, ал тууралуу бүт маалыматты алышты. Калдык сакталуучу жай көрсөтүлүп, андагы таштандынын көлөмү тууралуу айтып беришти. Кийин тегерек стол форматында жолугушуу өттү. Анда калкты түйшөлткөн экология жана “Жерүйгө” ишке орношуу сыяктуу маселелер талкууланды.

“Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директорунун укуктук маселелери боюнча орун басары Адилет Акматалиевдин айтымында, “Жерүйдү” иштетүүгө лицензия 2015-жылдын август айында 20 жылдык мөөнөткө алынган. Ошондон бери республикалык жана жергиликтүү бюджетке “Альянс Алтын” 3 миллиард 358,2 миллион сомду салык иретинде төлөгөн. Анын ичинде 2021-жылдын мартында комбинат ишке киргенден тарта алтынды сатуудан түшкөн кирешеден 1 миллиард 424,5 миллион сомду которгон.

“Биздин алтын ылгоочу фабрика жана калдык сакталуучу жайга окшош Кыргызстанда дээрлик башка жок жана эксплуатацияда коопсуз. Көз карандысыз “Чүй экологиялык лаборатория” компаниясы жакында эле жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, кенди иштетүү айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбейт”, — деди Адилет Акматалиев.

“Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы экологу Елена Кутманованын айтымында, азыркы тапта компания тарабынан чаңды басаңдатуучу канадалык жана орусиялык реагенттер сыналып жатат. Анын ичинен эффективдүүсү тандалат. Кайра иштетүүчү комплекстин аймагында жаңы метеостанция орнотулган. “Башкы климатологиялык параметрлер автоматтык түрдө жана дароо Борбор-Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун компьютердик борборунда катталат”, — деди ал.

“Альянс Алтын” ЖЧКсынын персонал боюнча башкармалыгынын жетекчиси Александр Абрамов компанияга ишке кабыл алынуу саясатын түшүндүрдү. Азыр компанияда 612 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 146сы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургуну. “Альянс Алтын” ЖЧКсы Талас облусунун 361 жашоочусун тоо ишине окутуп, анын арасынан 186сы “Жерүйгө” ишке алынган. Биздин бардык кызматкерлер коопсуздук техникасы жана экологиялык талаптар менен таанышкан, аларды катуу көзөмөлдөшөт”, — деди ал.

Нургазы Нармырзаевдин айтымында, “Жерүйдүн” ишин көрүп чыгуудан кийин анын экология жана жергиликтүү калкка коопсуз экендигине ынанган. “Кенде эң заманбап жабдуу колдонуларына, ал эми жамаат – кесипкөй жана жоопкерчиликтүү экендигине күбө болдук”, — деди ал.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар мындан ары да жалпы максаттарга жетүү үчүн тыгыз кызматташууну чечишти. Жалпы максаттарга келсек, ал кендин туруктуу иштеши жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу. Келечектүү долбоорлордун бири – бул Өтмөк ашуусунда жолду оңдоого “Альянс Алтын” компаниясынын жардам берүүсү.

Мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу макулдашылды.