Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды.
Маалыматка ылайык, JAC–T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа, SHANMON–388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, ошондой эле “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында КАМАЗ—43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа тапшырылган.








