Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Арча-Бешик — Дордой каттамында каттаган №203 маршрутканын айдоочусун аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1984-жылы туулган айдоочу окуя боюнча төмөндөгү түшүндүрмөнү берген. «Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен машруттун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм, ошол себептүү колясканы салонго салган эмесмин», — деди ал.
Мындан тышкары, ал бул кылыгы үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурады. Азыркы учурда бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин РИИБдин бөлүмүнө жеткирилди. «Кошумчалай кетсек, 203-машруттук каттамдын бригадасын текшерүүгө алып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн соцтармактарга видео тараган. Анда Бишкектеги №203 маршруттук каттамдын айдоочусу унаага жаш келинди кызы менен салбай койгон.
Эртең, 14-июнга караган түнү Ысык-Көл облусун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн...
УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы 0,14 га аянттагы имараттар...
14-15-июнда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында сел жүрөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бул күндөрөү тоодо, дарыя жээгинде эс...
Социалдык тармактарда "Бишкекте 7 унаа сүзүшкөн жол кырсык катталды" деген видео тарады. Видеодон көргөндөй, кырсыкка жүк ташуучу унаалар, кичи автобус...