Өлкөдө ноябрдын орто ченине жетпей 100дөн ашуун окуучу коронавируска чалдыкты

A family wears face masks for fear of the coronavirus, on March 18, 2020. Photo by Yossi Aloni/Flash90 *** Local Caption *** וירוס קורונה מגפה אישה מסכה ילדים

Өлкөдө ноябрдын орто ченине жетпей 100дөн ашуун окуучу коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри маалымат жыйында бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

«16-ноябрга карата Кыргыз өлкөсүндө 157 окуучу коронавирус илдетин жуктуруп алды. Балдардын жаш курагы 7ден 17ге чейин. Оору аныкталгандардын баары мектепке барууга байланыштуу эмес. Балдардын баары үй шартында жуктуруп алып оорушкан», — деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Сентябрда оору жуктуруп алган 48, октябрда 315 окуучу катталган.