Өлкөдөн ителги алып чыгууга аракет кылган чет өлкөлүк жаран “Манас” аэропортунан кармалды

Өлкөдөн ителги алып чыгууга аракет кылган чет өлкөлүк жаран “Манас” аэропортунан кармалды.

“Анын баштыгында Кызыл китепке кирген беш куш болгон. Эки ителги өлүп калганы аныкталган. Чет өлкөлүк жаран аларды жашыруун алып чыгып кетүүгө аракет кылган” деп жазылат Ички иштер министрлигинин маалыматында.
Факты “Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жол кылуу” беренеси менен катталып, кармалган жаран абакка киргизилди. Бул фактыга тиешеси бар кыргызстандыктарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.