Пневмониядан каза болгондор өткөн жылга караганда быйыл 2,5 эсеге көп

Быйылкы жылдын 9 ай ичинде өткөн жылдын 9 айына караганда пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көп. Тагыраагы ушул жылдын январь-сентябрь айларынын ортосунда өпкө кагынуудан 1 миң 112 адам каза болгон, өткөн жылы ушул эле айлар ичинде 444 киши көз жумган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет таратты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 9 айынын ичинде 26 миң адам пневмония болуп ооруган, ал эми өткөн жылдагы ушул эле көрсөткүч 24 миң кишини түзгөн.

Пневмонияга чалдыккандардын эң көп саны Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облусунда катталган.