Вакцинанын жарактан чыгышы. №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери митингге чыгышты

№1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанына митингге чыгышты. Алар жетекчинин кызматтан алынышына нааразы болушууда.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №2 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы муздаткыч иштебей калгандыктан, миңге жакын доза вакцина жарактан чыкканына байланыштуу аталган борбордун жетекчиси жана №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси кызматтан алынганын маалымдаган эле.

Митингге чыккандардын айтымында, жетекчи кечээ, 21-май күнү кечинде кызматтан алынган. «Аны кызматтан кетирбеш керек эле. Биздин борборду көтөргөн, келечектүү жаш директор болчу. Нурлан Галбаев бир катар лабораториялардын ачылышына салым кошту, имараттарда оңдоо иштерин жүргүздү», — дешти алар.

Чогулгандардын алдына министрликтин өкүлү чыкты.

«Эмне үчүн аны алып салышты?» — деп сурашты чогулгандар.

«Билесиңер», — деп жооп берди ал.

«Экинчи клиниканын күнөөсү үчүн алып салдыңар», — деп чогулгандар ачууланып жатышты.

Министрликтин өкүлү аларды Саламаттыкты сактоо министрлигинин залына чакырды. Бирок дарыгерлер баш тартышты. Митингдин катышуучулары министрдин чыгуусун талап кылышты.

«Силер иштеген адамды алып салдыңар», — дешти митингчилер.

«Эгер ал иштегенде, мындай болмок эмес», — деп жооп берди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү.